Бай Жакыптын малы сансыз эле, бирок баласы жок болгондуктан байлыгы кубантчу эмес. Ал аялы Чыйырды менен көп жылдар бою асмандан уул тилешкен.
Акыры Чыйырды түш көрүп, эркек бала төрөйт. Айтышат, наристе бир уучу кан менен төрөлгөн — келечектеги баатырдын белгиси. Баланын атын Манас коюшат.
Баатырдын төрөлгөнү кыргыздын душмандарына жетет. Төлгөчүлөр ушул баладан өлөрүн айткан калмак менен кытайдын хандары аны таап, жок кылууга киши жиберишет. Жакып уулун жашырууга аргасыз болот.





