Үйлөнүү тоюна кеңештер
Той күнү тынч болушу үчүн эмнени качан жасоо керек.
6 ай калганда
Ата-энелер менен күнүн жана форматын макулдашыңыз: канча конок, бир той же кыз узатуу менен үйлөнүү тою өзүнчө. Бюджетти эсептеп, ресторанды брондоңуз — жай менен күзгө жакшы залдар биринчи бүтөт.
3 ай калганда
Тамада, музыканттар, фотограф жана видеооператор табыңыз. Жарнамасын эле эмес, мурунку тойлорун көрүңүз. Көйнөк менен костюмга буйрутма бериңиз.
1 ай калганда
Эки тараптан конокторду тизмелеп, чакыруу жөнөтүңүз. Онлайн чакыруу менен ким келерин дароо көрөсүз, бирөөлөп чалып отурбайсыз.
2 жума калганда
Коноктордун жоопторуна жараша менюну жана отургузууну бекитиңиз. Конокторду эшиктен ким тосуп алат, белектерге жана конверттерге ким жооп берет — чечиңиз.
Бир жума калганда
Конокторго тойду эскертиңиз — чакыруунун шилтемесин дагы бир жолу жөнөтүңүз, анда карта жана саноо бар. Шакектерди, нике жана ЗАГС үчүн документтерди, запас бут кийимди бир сумкага салыңыз.
Той күнү
Телефонду бир адамга тапшырыңыз — ал коноктордун жана музыканттардын чалууларына жооп берет. Каалабасаңыз да эртең менен тамак жеңиз: күн узун болот.
Чакырууну 5 мүнөттө түзүңүз
Чакыруу түзүү →




